Бишкекте Ала-Арча жаратылыш паркынан адамды багажга салып кеткен айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Дем алыш күндөрү социалдык тармактарга Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын багажына эркек кишини салып бара жатан видео тараган. Эс-учун жоготкон абалда бараткан адамды көргөндөр өлүп калган деп божомолдошкон. Кайгуул милициясы кууп барып аны “Ош“ базарынын жанынан кармаган. Тактоо иштеринин жүрүшүндө багажда жаткан адам айдоочунун агасы болуп чыкты. Алар Ала-Арчада эс алууда жүрүшүп, агасы мас болуп унаага батпай калган. Багажга жатууга өзү макул болгону айтылат. Айдоочуга бейбаштык үчүн 8,5 миң сом айып салынды.
Hide player controls
Hide resume playing