Украинанын Куралдуу күчтөрү МАГАТЭ миссиясын Запорожье АЭСине келтирбеш үчүн тынымсыз аткылап жатат. Бул туурасында Энергодар шаарынын аскердик-администрациясынын жетекчиси Александр Волга айтып берген. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү атомдук электр станциянын аймагында террордук акт кылууну каалашканын да кошумчалады. “Эки айдан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү ЗАЭСтин аймагын жана станцияга жакын жайгашкан Энергодардын инфраструктурасын аткылап жатат. Энергодар аймагына, ЗАЭСке түздөн-түз сокку урган бардык фактылар документтештирилди. Бул бизге келе турган МАГАТЭ миссиясына сөзсүз көрсөтүлөт. Украинанын Куралдуу күчтөрү менен украин саясатчылары дал ушундан коркуп жатышат“, — деген Волга.
Hide player controls
Hide resume playing