Myvideo

Guest

Login

Багизат саткан 18 жаштагы кыз кош бойлуу болуп... Милиционердин видеомаеги

Uploaded By: Myvideo
409 views
0
0 votes
0

Баласы психотроптук баңгизат колдонорун билип калган ата-эненин реакциясы кандай болушу керек? Бул суроого ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Марсел Дооталиев жооп берди. Адистин айтымында, бул учурда ата-эне кечиктирбестен дароо аталган башкармалыкка кайрылуусу зарыл. Андагы кызматкерлер анонимдүү түрдө комплекстүү иш-чараларды жүргүзөт. “Көпчүлүк ата-эне же баңгизат колдонгон адамдын жакындары бул тууралуу милицияга кабарласак алар жазалайт деп ойлошот. Андай эмес, бизге кайрылышса биз тиешелүү иш-аракеттерди көрөбүз. Ошол эле учурда медициналык кароого жөнөтөбүз“, - деди Дооталиев. Ошондой эле ал аталган баңгизат бир эле айда ден соолукту талкалай турганын белгилеп, бул затка жакын жолобоого чакырды. Маектешим ата-эне балдарга көңүл бөлүп, аны курчаган адамдар тууралуу билип, интернеттен эмнелерди көрүп жүргөнүнө маани берүү зарылдыгын кошумчалады. Мындан тышкары, баңгизат саткандарга, аны жайылткандарга катуу жаза колдонуларын, камакка алынгандан тышкары өзүнүн, жакындарынын мүлктөрү бүт конфискацияланышы мүмкүн экенин эскертти.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later