Myvideo

Guest

Login

Ишкерди кимдер барымтага алып, таяк, трос менен уруп кыйнашкан Дооланган акчанын чуусу. ЭЛАМАН КАРЫМШАКОВ

Uploaded By: Myvideo
53 views
0
0 votes
0

Ишкер Руслан Бакытовду 9-апрелде топ кишилер унаага салып кетип, түнү бою барымтада кармаган. Алар Кытайдан алган жүк ташуучу унаасынын акчасын кайтарууну талап кылганын айтууда. Бирок унаа саткан кытайлык ишкерди эмес, анын өнөктөшүн кармап алып кыйнаганын билдирди. Бакытовдун башы жарылып, 5 кабыргасы сынган. Беш-алтоо таяк, трос менен чапкылап, тепкилеп атып бир өлүмдөн калган. Милиция кылмышкерлердин сары изине түшүп отуруп, ишкерди 8 сааттан кийин бошоткон. Учурда жабырлануучу барымтага алгандардын “анабашчысы“ кармалбай жатканына нааразы болууда. Ал дагы деле ооруканага чейин келип коркутуп жатыптыр. Бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин алуу үчүн тергөө абагында отурган үч шектүүнүн адвокаты Жылдыз Арзыбекова менен байланыштык. Ал иш менен жаңыдан таанышып жатканын айтып, азырынча комментарий бере албай туурагынын билдирди. Ал эми ооруканага келип чуу салып, УКМКда иштейт деди деп жаткан жаран менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Эгер ал келип пикирин айтам десе ага да сөз берүүгө даярбыз. “Ошондой эле милициянын жообун алуу үчүн Свердлов РИИБдин маалымат кызматына кайрылдык. Бирок маалымат катчысы “расмий түрдө кат жиберип анан маалымат ала алсыңар“ деп жооп берди. Тиешелүү катты жөнөтүп, жообун күтүп жатабыз“ - деп жазат Эламан К.!

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later