1938-жылдын 5-ноябрь күнү. Фрунзе шаары. НКВДнын сурак бөлмөсүнө 18 айдан бери абакта отурган жана азып кеткен орто жаштагы кишини алып киришет. Орус тергөөчү көнгөн адатына ылайык папкесин ачып, баягы эле тажатма жана кайталанма суроолорун бере баштайт. Түрмөдө жатканы менен сынбаган жана көзүнөн от жанган айыпталуучу ар бир суроого ызырына жооп берет. Тергөөчү акырында: “Англиянын шпиону экендигиңди жана Советтик түзүмгө каршы иштегендигиңи мойнуңа аласыңбы?” деп такайт. Бирок кан Манастын урпагы: “Акыйкат барбы же аны да атып өлтүрдүңөрбү? Кезегинде кызматта отуруп ,силердей шүмшүктөрдү байкабай калганыма өкүнөм” деген соң, дароо ордунан туруп, отургуч менен тергөөчүнүн башына чаап жиберет. Сырттагы сакчылар ошол замат бөлмөгө кирип, мылтык менен айыпталуучуну атып салышат. Дал ошол мүнөттөрдө НКВДнын башка имаратында анын бир тууган иниси уктап жаткан жерден ойгонуп кетет. Жанындагыларга: “Эмнегедир жүрөгүм тынч эмес. Түшүм жаман! Авама бир нерсе болгонго” деп кайгырат. Ошол эле түнү большевиктер аны да атып салышкан. Эки бир тууган бири-биринин абалынан кабарсыз, бир күндө шейит болуп кете берген. Көп өтпөй алардын артынан эл душманы деп аталган Абдыкерим Сыдык уулу, Иманалы Айдарбек уулу, Касым Тыныстан уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу жана башка жүздөгөн кыргыздын чыгаан уулдары атылып, Чоң-Таш айылындагы кыш чыгаруучу заводтун мешине ыргытылып, көмүлгөн. Советтик пропаганда аларды канчалык каралабасын, алардын элесин элдин жүрөгүнөн өчүрө алган эмес. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, эгемендүүлүктүн шарапаты менен советтик режимдин дагы бир кандуу жоругу ачыкка чыккан. Дал ошол 137 шейиттердин эң биринчиси болгон ал эки бир тууган ким эле?!
Hide player controls
Hide resume playing