Myvideo

Guest

Login

Кыргыз элине Элмирбек жетишпегендей... Акындын кабыр ташы орнотулду

Uploaded By: Myvideo
131 view
0
0 votes
0

Бүгүн “Ала-Арча“ көрүстөнүндө залкар акын Элмирбек Иманалиевдин эстелиги ачылды. Ал эки жыл мурун ушул күнү, 20-апрелде, оорудан каза тапкан. Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Мирлан Самыйкожо, өнөр адамдары жана үй-бүлөсү катышты. Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсү жана жакындары эскерүүгө келгендерге жана кабыр ташты орноткондорго ыраазычылык билдирди. Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later