Myvideo

Guest

Login

80 жыл мурда генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга тшкн. Видео

Uploaded By: Myvideo
277 views
0
0 votes
0

Бүгүнкү күн, 31-январь, Улуу Ата мекендик согуштун тарыхындагы өтө маанилүү күндөрдүн бири. Себеби 1943-жылы, январдын соңку күнү Сталинградда генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга түшкөн. Паулюс Вермахттын советтик аскерлер курчап алган 6-армиясына командачылык кылып турган. “Барбаросс“ планын иштеп чыккандардын бири болгон бул киши туткундалгандан бир күн мурда Вермахттын жогорку чинин алган. Ал өзү туткундалганын жана буйругу андан ары күчкө ээ болбой калганын айтып, душмандын калган жоокерлерине колго түшүп берүүгө буйрук кылган. Нюрнберг процессинде Паулюс күнөөкөр катары эмес, күбө катары өткөн. Сталин каза болгондон кийин Паулюска Дрезденге орун которууга уруксат кылышкан. Ал жерде генерал-фельдмаршал аскер искусствосу боюнча лекция окуган. Фридрих Паулюс 1957-жылы 1-февралда, анын армиясынын Сталинградда талкаланышынын 14 жылдыгын белгилөө алдында көз жумган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later