Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргызстан-Россиянын эриш-аркак жылы салтанаттуу жыйынтыкталды. Иш-чарага Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев, Саха Республикасынын (Якутия) маданият жана руханий өнүктүрүү министри Юрий Куприянов катышты. Ал эми иш-чараны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачты.
Hide player controls
Hide resume playing