Myvideo

Guest

Login

Эки бир тууган УКМК кызматкерине пара сунуштап кармалды

Uploaded By: Myvideo
22 views
0
0 votes
0

Иши тергөөдө жүргөн адам жана анын бир тууганы УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Мурда ал чек ара аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11,51 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылганда колго түшүрүлгөн. Алгач анын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо“) менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине 30 000 доллар сунуштаганы кабарланды. “2022-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Коопсуздук комитетинин кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды“, — деп айтылган таратылган билдирүүдө. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later