Myvideo

Guest

Login

Украинанын православ чирксн тыюу салуу: мамдепартамент комментарийден баш тартты

Uploaded By: Myvideo
75 views
0
0 votes
0

АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат кызматынын башчысы Мэттью Миллер Киев бийлигинин Украина православдык чиркөөсүнө (УПЧ) тыюу салган пландарына комментарий берүүдөн баш тартты. Эске салсак, Украина парламентинин депутаты Никита Потураев Жогорку Рада канондук УПЧке тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун добуш берүүгө алып чыгарын билдирген эле. “Аталган мыйзам долбоору боюнча комментарий бербейм“, — деген ал брифингде. Аталган өлкөдө Украина православдык чиркөөсүнө басым жасоого багыт алышкан. Бийлик жер-жерлерде чиркөөнү храмдар үчүн ижарага берген укугунан ажыратып жатат. Андан сырткары, бийликтин колдоосу менен Украинанын православ чиркөөлөрүнөн бөлүп-жаргандар УПЧ храмдарын тартып алып, дин кызматкерлерине кол салып келет. 2022-жылы Украина бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн Россия менен байланышта деп кине коюп, аталган өлкөнүн ар кыл аймактарындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Алардын парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилген.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later