Myvideo

Guest

Login

Вице-мэр: Бишкекте суу мынчалык тартыш болорун билген эмеспиз

Uploaded By: Myvideo
33 views
0
0 votes
0

Суу мынчалык тартыш болорун билген эмеспиз. Бул туурасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары борбор калаада жаралган суу көйгөйү боюнча аткаруу бийлигинин жана мэриянын маалыматын угуп жатат. Жыйында Дастан Бекешев “ушундай тартыштык жараларын алдын ала билген белеңер?“ деп сурады. “Жер астындагы суу ушунчалык төмөн түшүп кетерин билген эмеспиз“, — деп жооп берди Шамыралиев. Андан соң депутат алдын ала божомолдор жоктугун сындап, Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын эч ким окубай турганын жана муниципалитеттин синоптиктер, Геодезия кызматы менен тыгыз иштебегенин белгиледи. Шамыралиев жаңы суу кампаларын куруу үчүн Аламүдүн районунан жер тилке сурап, үч жылдан бери ала албай жатканын айтты. Жакында эле президенттик администрацияда ушул маселе каралып, жакында чечиле турганын белгиледи.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later