Бүгүн Бишкектин эски аянтында Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Айт намазга миңдеген адам чогулган. Арасында мамлекет башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка атминерлер болду. Иш-чара таң атпай башталган. Буга байланыштуу шаардын чок ортосундагы бир катар көчөлөр убактылуу жабылды.
Hide player controls
Hide resume playing