Myvideo

Guest

Login

Караколдо зоопарктын алдына арстандын эки кчгн таштап кетишти

Uploaded By: Myvideo
51 view
0
0 votes
0

Караколдогу зоопарктын эшигинин алдына белгисиз адамдар арстандын оорулуу эки күчүгүн таштап кетишти. Бул тууралуу “Бугу-Эне“ коомдук фондунан билдирди. Фонддун директору Салтанат Сейитова окуя кечээ, 2-мартта, болгонун белгилеп, күчүктөргө Томас жана Али деп ат коюшканын айтты. Анын божомолунда, жырткычтарды кичинекей кезинде бирөөгө белек кылышкан, бирок кожоюндары бага албай, жашыруун таштап кетүүнү эп көргөн. Сейитова күчүктөргө туура эмес тамак берип, кармаганды билишкен эмес деп эсептейт. Анткени алардын зат алмашуусу бузулганы аныкталган. Тагыраак айтканда, Алиге кальций жетишпей араң басып жатат. “Этиятсыздыктан жасалган ар бир кыймыл жаракат алууга алып барат. Томас бир аз өскөн, бирок арткы буттары менен араң турат, көбүнчө бутун сүйрөп жүрөт“, — деп билдирди фонддон. Аталган уюм арстандын күчүктөрүн дарылап, бутка тургузууга кайдыгер эмес адамдардын колдоосу керектигин кошумчалады.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later