10 жылдан бери адамдардын жан дүйнө көйгөйү менен иштеп келе жаткан психолог Сейил Калдыбаева абьюзер темасы боюнча кенен маек курду. Психологдун айтымында, абьюзер дегенде сөзсүз эле сабап жатып калган, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн адамды элестетпеш керек. Себеби жанындагы адамды сөзү менен эле талкалап жок кылып койгондор болот. Адис Sputnik даярдаган видеодо абьюзердин белгилерин санап берди.
Hide player controls
Hide resume playing