Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Россиянын билим берүү боюнча кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү. Чок-Тал айылында уюштурулган кыргыз-орус билим жарманкесинде эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда бир нече келишимдерге кол коюлду. Алардын арасында Бишкек музыкалык педагогикалык институту, Шадринск жана Башкыр университеттери, Кыргыз техникалык университети, ошондой эле “Балажан“ жана “Татыктуу билим үчүн“ борборлору бар.
Hide player controls
Hide resume playing