Сл. А. Акунов. Муз. и аранжировка. ИИ Suno. Кусалык [Verse] Дыбырап жазгы жамгыр себелеген, Жол карап олтурамын тереземден. Ишенбей сөздөрүңө кош бол деген, Өзүмдү өзүм алдап үмүт менен. [Chorus] Көз жашым куюлабы жамгыр болуп, Жүрөккө сагыныч, кайгы толуп. Же балким кайрылып келесиңби, Кайрадан махабат жазым болуп. [Verse2] Бүркөлүп көңүл жазы ачылбаган, Жүрөккө толгон куса, сагынычтан. Бактымды кайрып бер деп тагдырымдан, Сурандым күдөр үзбөй ардагымдан. [Chorus] Көз жашым куюлабы жамгыр болуп, Жүрөккө сагыныч, кайгы толуп. Же балким кайрылып келесиңби, Кайрадан махабат жазым болуп. [Bridge] Черткилейт жазгы тамчы тереземди, Санаамда сагынычымды сезгенсийби, Себеле өткүн болуп себелечи, Жүрөктө кусалыкты жууп кетчи. [Chorus] Көз жашым куюлабы жамгыр болуп, Жүрөккө сагыныч, кайгы толуп. Же балким кайрылып келесиңби, Кайрадан махабат жазым болуп. [Verse3] Дыбырап жазгы жамгыр себелеген, Жол карап олтурамын тереземден. Ишенбей сөздөрүңө кош бол деген, Өзүмдү өзүм алдап үмүт менен. [Chorus] Көз жашым куюлабы жамгыр болуп, Жүрөккө сагыныч, кайгы толуп. Же балким кайрылып келесиңби, Кайрадан махабат жазым болуп. [Chorus] Көз жашым куюлабы жамгыр болуп, Жүрөккө сагыныч, кайгы толуп. Же балким кайрылып келесиңби, Кайрадан махабат жазым болуп.
Hide player controls
Hide resume playing