Myvideo

Guest

Login

Таллин операциясы, каармандык, он беш миге чукул лм. Тарыхый видео

Uploaded By: Myvideo
8 views
0
0 votes
0

1941-жылдын 27-августунда “Таллин жарып өтүүсү“ деп аталган операция башталган. Бул Балтикадагы советтик флотту сактап калганы менен көп адамдын өмүрүн алган. Улуу Ата Мекендик согуштун башында Таллин Балтика флотунун негизги базасы эле. Командачылык ал жерге каршылаштардын келишин күткөн эмес. Бирок чыккынчылык менен кол салуу гитлерчилерге шаарды курчоого алып, анын ичиндеги бөлүктөрдү колдоодон ажыратууга мүмкүндүк берген. Аны жарып өтүү үчүн атайын согуштук операцияны баштоо керек эле. Балтика флотунун кемелери Кронштадтка багытталган “Таллин жарып өтүүсүн“ баштаган. 28-августта Таллинден бортунда 40 миңге чукул киши бар 225 кеме аттанган. Флот менен кошо 20-30 миңге чукул адамды эвакуациялашкан. Анын ичинде армия, жай жарандар жана Эстон ССРинин өкмөтү болгон. Ленинградга жетиш үчүн Фин булуңунан өтүүгө туура келген. Душмандардын минасы, фашисттердин бомбалоосунан 15000ден ашык адам көз жумган. Куткарылгандардын арасында кийин жылдызга айланган опера ырчысы Георг Отс да болгон. Отс отурган транспорттук кемени немец бомбалагычтары талкалап, бирок аны жакын өтүп бара жаткан минадан тазалоочу кеме куткарып калган. 30-августта Кронштадттагы мелжеген жерге 165 кеме жеткен.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later