Myvideo

Guest

Login

Кыздар миграцияга турмушка чыккандан кийин барсын. Депутаттын сунушу видеодо

Uploaded By: Myvideo
70 views
0
0 votes
0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштады. Ал мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында билдирди. “Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Миграция тармагы боюнча тийиштүү органдар комитетке келип маалымат берсин“, — деди Атазов. Ошондой эле эл өкүлү кыздардын чет өлкөгө чыгышын чектөө тууралуу мыйзамдарды кароо зарылчылыгын кошумчалады. Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандык үч миллион адамдын тагдыры миграция менен байланышкан, негизинен сыртка кыз-келиндер көбүрөөк чыгууда.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later