Myvideo

Guest

Login

ЕБдин Россия мунайына койгон эмбаргосу: эмнелерди бил керек

Uploaded By: Myvideo
24 views
0
0 votes
0

Европа биримдигинин деңиз аркылуу ташылып жаткан россиялык нефтиге койгон эмбаргосу өкүмүн жарым-жартылай жүргүзөт. Чектөөнүн Венгрия, Чехия, Словакиянын “Дружба“ нефть кууру менен алып туруусуна тиешеси жок. 5-декабрдан тарта мунайды Евробиримдикке сатууга чектөө коюлду. Ошентип РФтен чийки мунайды жана мунай заттарын деңиз аркылуу ташууга тыюу салынды. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен кырдаалга комментарий берип жатып, Еврокомиссиянын бул макулдашуусу жылдын аягына карата Россия нефтисинин ЕБге импортун 90 пайызга кыскартарын белгилеген. Анткен менен Евробиримдиктин эмбаргосу жарым-жартылай болуп, Европанын бардык мамлекеттерине тиешелүү боло бербейт. “Дружба“ нефть кууру менен мунай алып жаткан Венгрия, Чехия, Словакия жабыр тартпайт. Мындан сырткары, Болгария мунайды деңиз аркылуу 2024-жылдын соңуна чейин импорттой алат. Хорватияга 2023-жылдын аягына чейин вакуумдалган газ майын алууга уруксат бар. Ал эми Чехия 2023-жылдын декабрына чейин россиялык нефтиден мунай заттарын өндүрүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. РФтен мунай экспорттоого салынган тыюу, чектөөлөр жөнүндө биздин видеографикадан тааныша аласыздар.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later