Эркек уулдарым, кол көтөрөрдүн алдында ойлонуп көргүлө, жыйынтыгы кандай болот. Мен бир үй-бүлөгө зыян келтирип, кийин өкүнүп өтпөймбү деп ойлонгула. Бир зыян келтирсем ошол кайра менин үй-бүлөмө кайрылып келбейби деп ойлонгула. Менин бир туугандарым кичинекей кезинде айтышчу, эми мушташат экен, мушташпай койбойт. Ошондо айтышчу жыгылганды теппейт дегенде эле тарап кетчүбүз деп. Азыркы заманда жок... Бул эйфория болуп калыптыр. Менин баламды алты бала тепкилептир, үчөө үч жактан. Азыр ал балдар өздөрүн кандай сезишет билбейм. Бирок менин эркек балдарга айткым келгени – күрөшкө катышасыңбы же башка эмнеге катышсаң деле качкыла. Качып кутулгандан оңой нерсе жок. Эң биринчи энеңерди, үй-бүлөңөрдү ойлогула, ошолор кандай акыбалда каларын ойлогула.
Hide player controls
Hide resume playing