Myvideo

Guest

Login

Коньки тээп чыккан Жапаров, толкунданткан хоккейчилер. Ачылыш аземдин видеосу

Uploaded By: Myvideo
32 views
0
0 votes
0

Коньки тээп чыккан Жапаров, толкунданткан хоккейчилер. Ачылыш аземдин видеосу Бишкекте 3-мартта IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Бул Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан тарыхый мелдеш. Чемпионаттын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров, Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышты. Спорттук иш-чара маданий программалар менен коштолду. Алгачкы оюнда Малайзия Кувейттин командасын 5:2 эсебинде жеңген. Андан кийин Кыргызстан менен Ирандын командасы ойноп, 13:1 упай эсебинде жеңишти камсыздады. Мелдештер Бишкек шаардык муз аянтында өтүп жатат. Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later