Myvideo

Guest

Login

Депутат: Ошто кмрдн тоннасы 12 ми сомго чыкты, бийлик зн пиарлап отурат

Uploaded By: Myvideo
55 views
0
0 votes
0

Катуу суукта Ош шаарында көмүрдүн баасы 12 миң сомго чыкты, жергиликтүү бийлик иштебей эле өзүн пиарлап отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламентте билдирди. Эл өкүлү өлкөнүн эч бир жеринде көмүр мынчалык кымбаттабаганын белгиледи. “Мен Антимонополия жана жергиликтүү бийликке чыгып “каякты карап отурасыңар“ дедим. Алар өздөрүн пиар кылгандан бошобой калышты. Ушундай кыштын кычыраган суугунда эл менен иштешпейби. Камерага эле иштеп калышты. Көмүрдүн баасы 10-12 миң сомго чыгып, эл ала албай кыйналууда. Жарык өчүп жатат, жылуулук жок. Шаардын Төлөйкөн кичи районунда бир сутка бою электр энергиясы өчүк турду. Жергиликтүү бийлик өзүн пиар кылып отура бербей иштеши керек“, — деди Осмонов. Ошондой эле ал маселени көзөмөлгө алуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later