Myvideo

Guest

Login

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда контрабандалык жк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды 2024-жылдын 19-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель аныкталды. Аталган тоннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган. Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 смди түзгөн. Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда КР УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. КР УКМК жарандарды жана жеке жактарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 ((whatss app/telegram)) байланыш номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат. ГКНБ КР: На территории Сузакского района Жалал-Абадской обнаружен подземный туннель для переправки контрабанды 19 марта 2024 года в ходе проведения оперативных мероприятий по выявлению незаконных каналов миграции и контрабанды сотрудниками ГКНБ КР обнаружен туннель, который использовался для противоправной переправки товаров и лиц. Туннель был обнаружен в доме у жителя с.Бек-Абад Сузакского района Жалал-Абадской области, в непосредственной близости с государственной границей Республики Узбекистан. Глубина туннеля составила 15 метров, общая протяженность туннеля 130 метров, длина до государственной границы КР 50 метров, высота туннеля составила 1 метр 70см. За организацию канала контрабанды задержан владелец дома «Э.А.» 1986 года рождения. В настоящее время сотрудниками ГКНБ КР начаты соответствующие мероприятия по установлению всех причастных лиц к организации функционирования туннеля, лиц незаконно пересекших госграницу КР и видов товаров незаконно попавших на территорию страны. ГКНБ КР призывает граждан и лиц сообщить дополнительные данные об этом преступлении по телефону – 0995 012 210 (whatss app/telegram).

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later