Myvideo

Guest

Login

Бел кубатты канча жашка чейин узартса болот Урологдун видеомаеги

Uploaded By: Myvideo
394 views
0
0 votes
0

Уролог Болот Рысбаев менен маек куруп, баланы канча жаштан тартып адиске көрсөтүү керектигин, простатит, импотенциянын себептерин сурадык. Рысбаев баланын жыныс мүчөсүнүн өсүүсүнө ата-эне жакшылап көңүл буруусу зарыл экенин белгиледи. Эгерде кандайдыр бир маселе жаралса дароо дарыгерге көрсөтүү сунушталат. “Айрым учурда жыныс мүчөсү чоңойбой калгандар болот. Алар 20 жаштан өткөндөн кийин урологго келсе көйгөйдү чечүү кыйын“, -— деди ал. Дарыгер учурда жаштар гаджеттерге көп алаксып кыймыл азайганын, бул көрүнүш салмак кошоруна, семиздик бел кубатка терс таасир берерине токтолду. Мындан тышкары, мырзанын психологиялык абалы менен бел кубаттын байланышын түшүндүрдү. Ошондой эле ал импотенция азыркы учурда “акыркы өкүм“ эмес деп белгилеп, дарылоо ыкмалары пайда болгонун айтты. Биз Рысбаевге жалпы он суроо узатып, жооп алдык.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later