Myvideo

Guest

Login

Тили чыкпай жаткан балдарды невролог менен кошо карайбыз. Логопед-дефектологдун маеги

Uploaded By: Myvideo
98 views
0
0 votes
0

Адистер учурда тили кеч чыккан же тилинде көйгөй бар балдардын көбөйүп жатканын айтууда. Бул бөбөктөрдүн психикалык жетилишине да таасир этет. Кыргызстанда дээрлик ар бир бала көп тилдүү чөйрөдө чоңоёт. Ата-эне бала менен эне тилинде же орус тилинде сүйлөшөт, ал эми мультфильмди англисче же дагы бир башка тилде көрөт. Мындай жагдай баланын тилинин калыптанышына жана өнүгүшүнө кандай таасир этет? Чындап эле бул чет тилдерди үйрөнүү жөндөмүн өрчүтөбү? Эмнеге азыркы балдардын тили кеч чыгып жатат? Ушул жана башкалар туурасында логопед-дефектолог Айзада Нурланова менен маектештик. Логопед-дефектолог — тили жана психикалык өнүгүшү кечеңдеген адамдар менен иш алып барган адис. Ал тилдин өнүгүшүндөгү мүчүлүштүктү жоёт, тилдин чыгышын өбөлгөлөйт. Азыр тилинде мандем бар балдардын көбүнүн психикалык жетилиши да кеч. Адис ата-энелер невропатологдор менен да тыгыз байланышта болуп, иштешиши керек экенин эскертет. Анын айтымында, баланы адегенде врач көрүп, дарылай баштайт, ал эми логопед-дефектологдор көнүгүүлөрдү жасатат. Тилинде мандем бар балдарды мектепке чейинки куракта алып барган оң. Негизинен 4-класстан кийин балдардын жаак сөөгү катып, сүйлөө речин оңдоо да кыйындай баштайт.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later