Транспорт жана коммуникация министри Балыкчыдагы жолду оңдоо эки себептен улам Ысык-Көлдө туристтик сезон кызыган учурга туш келгенин айтты. Аткаминер долбоорду баштоонун алдында каржы булагы каралбай калып, иш созулуп кеткенин белгиледи. “Биз туристтик сезон жайында гана эмес, төрт мезгилде тең болушу керек деп карап жатабыз. Жолчулар абанын температурасы ысык кезде асфальт төшөсө сапаттуу болот деп жатпайбы. Башка деле технологиялар бар, бирок кымбатыраак. Анан каражат да ошол учурда бөлүнүп калды. Ачыгын айтыш керек, азыр да биз сураган каражат бөлүнбөй жатат. Бирок министрлер кабинети толук бөлүп берүүнү убадалаган. Андан сырткары, кошумча жумуштар дагы чыгып калды“, — деди Осоев. Ошондой эле ал Балыкчы шаарынан Чырпыкты айылына чейинки жолду кийинки жылдын соңуна чейин куруп бүткөрүү пландалганын айтты. Ал эми Түштүк тарабындагы Балыкчы — Барскоон жолу 2024-жылы бүтөрүн, ал жакта иш токтоосуз жүрүп жатканын билдирди.
Hide player controls
Hide resume playing