Myvideo

Guest

Login

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Видео

Uploaded By: Myvideo
64 views
0
0 votes
0

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Аралаш мушташ боюнча чемпион наамы үчүн кармаш кечээ, 18-февралда, Сербиянын Белград шаарында өткөн. Жеңил салмактагылар арасында кур үчүн кармашта Абдисалам уулунун атаандашы россиялык спортчу Камиль Магомедов болду. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен кыргызстандык спортчу жеңүүчү аталды. Өткөн жылы Абдисалам уулу аталган уюмдун чемпиондук курунун утурумдук ээси болгон. BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. UFC уюмунун белгилүү мушкери Хамзат Чимаев да дал ушул уюмдан чыккан.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later