Myvideo

Guest

Login

Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу кандай тт Тарыхый кндн видеосу

Uploaded By: Myvideo
153 views
0
0 votes
0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында “Ала-Арча“ резиденциясында эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүсү өттү. Резиденциянын мрамор чатырынын алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү. Президенттер бири-бири менен учурашкан соң гимндер жаңырды. Андан ары Жапаров менен Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, ат жалында маектешти. Мамлекет башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тар курамда сүйлөшүү залына киришти. Эки президент тең бүгүн тарыхый күн экенин белгилешти. Эң негизгиси кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо келишимин ратификациялоо грамоталарын алмашышкан. Ошондой эле өкмөттөр, облустар аралык кызматташтык туурасында 20дан ашуун документке кол коюлду. Алар энергетика, бизнес, айыл чарба, өндүрүш жана башка тармактар боюнча. Бүгүн Кыргызстанда автоунаа чогултуу жана коммерциялык техникаларды чыгаруу заводун ачуу тууралуу дагы бир макулдашууга кол коюлду.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later