Өлкөдө социалдык турак жайга кезекте тургандардын саны 40 миңден ашуун. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы менен турак жайлар курулууда. Алардын бири №47 түзөтүүчү колониянын ордуна жайгашкан “Мурас“ турак жай комплексиндеги бир жана үч бөлмөлүү 510 батирдин ачкычын президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды. Жалпысынан комплекс 4 700 батирди камтып, анын курулушун 2026-жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Президент ачкычтарды тапшырган соң тургундардын батирлерин жана турак жайдын от казанын көрүп чыкты. Ал “Мурас“ комплекси социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун үлгүсү болоруна ишеним артты.
Hide player controls
Hide resume playing