Дагы жакшы Кайгуул унааларын коюп кетти, имаратты сүзсө жаман болмок. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чолпон-Атадагы жол кырсыкка ушундай баа берди. Белгилей кетсек, кечээ, 17-июлда, мас айдоочу постто турган эки Кайгуул автоунаасын коюп кеткен. Мындан үч инспектор жаракат алып ооруканага түштү. Рулдагы киши Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 мекемесинин начальнигинин орун басары Т.М. экени айтылды. “Дагы жакшы патрулдук автоунааны коюп кетти, биздин имаратты сүзүп кетсе эмне болмок. Анын ичинде кызматкерлерибиз отурат. Бул — мас айдоочулардын жеткен чеги болмок“, — деди Ниязбеков. Министр статистика боюнча ичип алып рулга отургандардын саны азайганын белгиледи. Ал эми мас айдоочуларга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын кошумчалады.
Hide player controls
Hide resume playing