Аткаруучулар: “Шаттык“ балдар бий ансамбли Бийди койгон: Латыпова Сырга “Темир комуз“ бийи менен ансамбль Ала-Тоонун эркин, шайыр балдарынын күнүмдүк жашоосун көрсөтүп берет. Балдар бири-бирине өз өнөрлөрүн тартуулап, кимдин эң күчтүү, шамдагай экендигин баалап бийлешет. Ал эми кыздардын кыймылында кыз адебин, сылыктыкты, уяңдыкты байкаса болот. Бирок тоонун балдары биргеликте өтө ынтымактуу жана алардын биримдигин эч ким буза албайт.
Hide player controls
Hide resume playing