Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин архитектуралык эстелик болуп эсептелген үйү реконструкцияланды. Шаардын түндүк тарабындагы Кычан Жакыпов атындагы паркта жайгашкан үй XIX кылымдын архитектуралык эстелиги болуп саналат. Шаар бийлиги имаратты Иса Өмүркуловдун мэр болгон (2010-жылдан бери) убагынан бери калыбына келтирүүнү убадалап келген. Ишкер жана меценат Аскар Салымбеков реконструкциялоону каржыламак, бирок ар кандай себептерден улам иш кечеңдеп жаткан. Быйыл Салымбеков реконструкциялоого 11 миллион сом бөлүнгөнүн айтып, ишти бүтүрүүгө сөз берген. Учурда Терентьевдин үйүнүн көрүнүшү ушундай. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкектин тарых музейин ачууну пландоодо. Илья Терентьев 1848-жылы Россиянын Ижевск шаарында туулган. XIX кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектеп, жеке темир устаканалар, наабайканалар жана дүкөндөр ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи каттоо өткөн. Ошондой эле Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.
Hide player controls
Hide resume playing