Myvideo

Guest

Login

Сталинградда немецтердин генерал-фельдмаршалы Паулюс туткундалган кн

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

1943-жылы 31-январда Сталинграддын алдында Вермахттын 6-армиясын жетектеген генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга түшүп берген. “Барбаросса“ (СССРге кол салуу планы – ред.) планынын башкы авторлорунун бири советтик аскерлердин колуна түшөрдөн бир күн мурда Вермахттын жогорку сыйлыгын алган. Ал калган аскерлерине колго түшкүлө деген буйрук берүүдөн баш тарткан. Буга туткундалып, буйругунун күчү кетип калганын шылтоологон. Тарыхта, Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө Фридрих Паулюс колго түшкөн биринчи немецтик генерал-фельдмаршал катары кала берди. Кийинчерээк 1946-жылы Паулюс Нюрнберг процессиндеги айыптоодо күбө катары өтүп, сот залында пайда болгону “бомба жарылгандай“ таасир калтырган... Иосиф Сталин дүйнө салгандан кийин Паулюска СССРден Германия Демократиялык Республикасына, Дрезденге көчүп кетип, ал жерде аскердик темада лекция окууга уруксат беришкен. 1957-жылдын 1-февралында анын армиясынын талкаланышынын 14 жылдыгы белгиленгендин эртеси Фридрих Паулюс бул дүйнө менен коштошкон.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later