Myvideo

Guest

Login

Советтик жоокерлердин Киевди фашисттерден бошоткон кн. Тарыхый видео

Uploaded By: Myvideo
14 views
0
0 votes
0

1943-жылдын 3-ноябрында советтик жоокерлер байыркы Киев шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон. Операция өтө кыска мөөнөттө иштелип чыккан. Жуков менен Ватунинге даярдык үчүн бир жума убакыт берилген. Шаар кандайча бошотулганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы айтып берди. Калааны бошотуу аракети 1943-жылы 1-ноябрда башталган. Негизги чабуул түндүктөгү Вышгород шаарынан жасалган. Окту аяшкан эмес. Фронттун бир чакырым аралыгында 300дөн ашуун курал жайгашкан. Курал-жарактын мындай жыш колдонулушу Берлин үчүн кармашта гана катталган. Үстөккө-босток урулган сокку немецтердин коргонуусун тез эле жарып өткөн. Фашисттер катуу каршылык көрсөткөн. Советтик жоокерлерди жайлатуу үчүн шаарга өрт коюп, бирок курчоодо калуу коркунучунан улам 5-ноябрда чегине башташкан. Оккупациянын куну оор болду: согушка чейин Киевди 1 миллиондой киши байырласа, бошотулган күнү болгону 183 миң тургун калган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later