Бул максаттагы “Искра“ операциясына кол башчы, маршал Георгий Жуков жетекчилик кылган. Фашисттерге курчоонун ичинен да, сыртынан да координацияланган сокку урулган. Шаарды Ленинград, Волхов фронтторунун аскерлери каармандык менен жанын аябай коргошкон. Позициялар ортосундагы кыска аралык 12-18 чакырымдай болгон. Анын ортосунда Мга поселогунда жайгашкан Шлиссельбург-Синявинск кыры жайгашкан. Командачылыкка Ладога көлүнүн түштүгүндөгү “Бутылочное горло“ деп атап коюшкан немецтик плацдармды жок кылуу милдети коюлган. Салгылаштын алтынчы күнү, тагыраагы, 1943-жылдын 18-январында Ленинград курчоосу үзүлгөн. Блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. Шаар бир жылдан кийин, 1944-жылдын 27-январында гана блокададан толугу менен бошонгон. Фашисттик Германиянын Ленинградды курчоосу 1941-жылдын 8-сентябрында башталган. Бул азап 872 күнгө созулуп, 1 миллионго чукул адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын 600 миңге чукулу ачкадан кырылганы айтылып келет. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болуп калды. ...1944-жылдын январында блокада азабын тарткан ленинграддыктар СССРдин башка республикалары сыяктуу Кыргызстанга да жөнөтүлгөн. Кыргыз ССРине 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланган. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык барса, анын 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова багып-өстүргөн.
Hide player controls
Hide resume playing