Myvideo

Guest

Login

СССРде ткн Олимпиада-80. Тарыхый видео

Uploaded By: Myvideo
31 view
0
0 votes
0

Мындан 42 жыл мурда, бул күндөрү СССРде Олимпиада-80 салтанатынын оту жанган. Социалисттик республикада өткөн биринчи олимпиадалык оюндар тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган видеону сунуштайбыз. Бул олимпиаданы өткөрүү үчүн Москва менен Лос-Анжелес таймашкан. Бирок УОК мүчөлөрү эки добушту көбүрөөк берип, СССРдин борборун тандашкан. Совет аскерлерин Афганистанга киргизгени үчүн АКШ жана дагы 64 өлкө иш-чаранын Москвада өтүшүнө бойкот жарыялашкан. Ага карабай оюндардын жыйынтыгында СССР медалдык эсепти ишенимдүү жеңип алган. Олимпиада-80 оюндарын “Москваныкы“ деп аташканы менен мелдеш СССРдин бир нече шаарында өткөрүлгөн. Алардын ичинде Ленинград, Минск, Киев жана Таллин бар. Бул шаарларда салынган спорткомплекстер жана инфраструктуралык объектилердин көбү азыркыга чейин колдонулат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later