Myvideo

Guest

Login

Сыйлабас, басмырлоо мамиле болду. Талант Мамытов агынан жарылган видео

Uploaded By: Myvideo
100 views
0
0 votes
0

Талант Мамытов журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетишинин чыныгы себебин айтты. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке эки ящик автомат алып келген чууга байланыштуу кызматын тапшырганын белгиледи. “Мен дагы деле жообун ала элек көп суроолор бар. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчиси катары ошол маселелерге алгылыктуу жооп албагандыктан кызматтан кетүүнү чечтим. Мага чек арадагы окуялар боюнча купуя маалымат беришерин айтышканынан жабык режимди камсыздап бергем. Ал эми эки ящик автомат алып келерин билген эмесмин. Муну кандай максатта кылышканын түшүнгөн жокмун“, — деди экс-төрага. Ошондой эле ал “жабык жыйында Ташиев менен урушуп кетти“ деп коомчулукта айтылып жаткан кептер боюнча дагы жооп берди. “Эми анча-мынча уруш-талаштар, сөздөр болду. Ал кезде чек арада оор абал болуп турса, парламентте дагы ызы-чуу чыкса туура эмес болмок. Андыктан жаап-жашырып, маалыматты чыгарбадык. Эмоцияга алдырбастан мыйзамдуу жол менен жөнгө салууга аракет кылдык. Жекече мамилебиз кандай болбосун, мамлекетте ар кандай милдеттерди аркалайбыз. Мен парламентте мыйзамдуулукту сактоо милдетимди аягына чейин аткардым. Акыркы күндөрү болуп жаткан аракеттерден улам өз кызматымдан кеттим“, — деди Мамытов. Ал аталган окуя боюнча президент Садыр Жапаровго ошондо эле маалымат бергенин айтты. “Президент бул аракеттер мыйзамсыз болуп калганын белгиледи. Бирок “чек арадагы абалга байланыштуу ага да (Камчыбек Ташиевге — ред.) оор болуп жатат, туура түшүнсө болот“ деди. Бирок мен өзүнөн так жооп ала алган жокмун“, — деди Мамытов. Ал эми “президент менен учурда мамилеңиз кандай?“ деген суроого “ар бир адам өз милдетин туура аткарышы керек, мен үчүн ошол маанилүү“ деп жооп берди. Аны менен катар “Жапаров менен Ташиевге таарынып кызматтан кетип калды“ деген кеп боюнча дагы пикирин билдирди. “Жеке мамиледе же туугандардын ортосунда таарынуу болот. Бул — милдет. Кийин менден жоопкерчиликти дос же тууган дебей милдетти сурайт. Мен парламентке жоопкерчилик алгам, албетте, ошону аягына чейин коргоп турдум. Соңку аракеттерди парламентке сыйлабас, басмырлоо мамиле болду деп баалайм“, — деди экс-төрага. Белгилей кетсек, Талант Мамытов 5-сентябрь күнү кызматын тапшырып кеткен.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later