Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата үч бала бакча, эки мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлап, учурда курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көрсөттү. 31-августта ачыла турган социалдык объектилер: 🔸Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №27 XXIV партсъезд атындагы мектептин 500 орунду кошумча корпусу; 🔸Жапалык айылындагы №31 Курманжан датка атындагы мектеп; 🔸Керме-Тоо айылындагы 100 орундуу бала бакча; 🔸Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 орундуу бала бакча; 🔸Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакча.
Hide player controls
Hide resume playing