Фейсбуктун Нурлан Токтосунов аттуу колдонуучусу тайпалардын бирине эски үйдүн дубалын атка сүздүртүп бузуп аткан адамдын видеосун жарыялады. Токтосунов тасманы «эски үйдүн дубалын бузуунун жаңы ыкмасы» деген жазуу менен бөлүшкөн. Видеодогу атчан киши «буза турган үйүңөр болсо айтып койгула, өзүм арзан баада сапатуу кылып бузуп берем» деп айткан. Аталган тасма Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы азырынча белгисиз.
Hide player controls
Hide resume playing