Myvideo

Guest

Login

Маалыматка жетнн эл аралык кн. Балтика лклр, Молдовадагы кырдаалга сереп

Uploaded By: Myvideo
49 views
0
0 votes
0

Төрт жыл мурда БУУнун Башкы ассамблеясы 28-сентябрды маалыматка жетүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган. Ал дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде ар кандай өңүттө каралып келет. Бул жаатта Sputnik Балтика өлкөлөрү, Молдова, Украинадагы сөз, журналисттердин эркиндигине, “Чек арасыз репортёрлор“ аныктаган рейтингге баам таштады. Бул мамлекеттерде сөз эркиндиги кагазда калып, иш жүзүндө таптакыр башка болуп келет. Аталган аймактарда, тилекке каршы, токтолуп, белгилей турган фактылар арбын. 2023-жылы Украинада талаштуу “Медиа жөнүндө“ мыйзам күчүнө кирип, ал ЖМКларга жасалган басымды күчөттү. Молдовада 10дон ашуун интернет-ресурстар чектелди. Анын ичинде Sputnik агенттиги менен радиосунун беш сайты бар. Сентябрда Sputnik Молдованын башчысы Виталий Денисовду өлкөдөн чыгарышты. Литвада россиялык ТВ-каналдарды IP-даректен ажыратышты. Эстонияда домендерин жаап салышты. Латвия орус тилдүү 14 журналисттин соту менен “даңкталды“. Алар “Россия сегодня“ менен кызматташкан эле. Аларды медиа топтун башчысы Дмитрий Киселевдун санкциясына байлап, санкцияны буздуңар деген айыпка жыгышты. Аталган аймактарда, Европага ыктаган мамлекеттерде азырынча ушундай тенденция өкүм сүрүүдө.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later