Myvideo

Guest

Login

Оштогу Даги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды

Uploaded By: Myvideo
84 views
0
0 votes
0

Кара-Суу районунун Өзгүр айылынын Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды. Бул тууралуу Сулайман-Тоо музей комплекси кабарлады. Уникалдуу идишти бир жума мурун жергиликтүү тургун Медербек Аккулов мал айдап жүргөн учурда таап алган. Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, кумура көрүнүп калган. Жерине аталган музейдин өкүлдөрү, тарыхчы-этнографтар барышкан. Дан салына турчу кумуранын бийиктиги 1,20-1,30, диаметри 80-85 сантиметрди түзөт. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Табылган кумура “Сулайман-Тоо“ музей комплексине алып келинмекчи.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later