Myvideo

Guest

Login

Баланы сй iPhone менен лчнбйт. Психологдун ата-энеге кееши видеомаекте

Uploaded By: Myvideo
117 views
0
0 votes
0

Чоңдорго балдарда түйшүк, санаа жоктой сезилет. Бирок алардын да өз курагына жараша көйгөйлөрү бар. Аны билүү үчүн болгону баланын жан дүйнөсүнө үңүлүү зарыл. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине психолог Асел Суюмбаева айтып берди. Ал ата-эне бала менен бардык темада ачык сүйлөшүүсү керектигин белгиледи. “Мисалы, балага анын физиологиялык өзгөрүүлөрү тууралуу айтышпайт. Мен практикамда этек кири биринчи жолу келген кыз “өлүп калам го“ деп ыйлап жатканын көргөм. Этек кир жөн эле келбей белиңди, ичиңди оорутат, алсыратат, ушундай нерсени кыздарга кантип айтпай коёбуз? Өспүрүм балдардагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтыш керек. Балдар көбүрөөк ата-энесинин бири-бири менен тил табыша албаганынан санааркашат. Мага келген каттарда “мен бармын, бирок алар мени көрүшпөйт“, “мен өлүп алсам ата-энем ыйлап жатып элдешип кетишер“ деген сыяктуу билдирүүлөр болот деген Суюмбаева ата-эне балдарга убакыт, көңүл буруу менен мээрим, сүйүүсүн билдириши керектигин айтты.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later