Эмил Алдосов 32 жылдан бери Чым-Коргондогу ооруканада психиатр болуп эмгектенип келет. Дарыгер бул жылдар аралыгында түрдүү тагдырларга күбө болгон. Интервью учурунда адис адам терең депрессияга кирип кеткенде, психологиялык жаракат алып калган кезде же ичкиликке берилип кеткенде көзүнө көрүмчү көрүнүп, үндөр угула башташы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ооруканадан бейтаптарга алы жетпей калган учурда кандай чара колдонуларын ачыктады.
Hide player controls
Hide resume playing