Абдылдабек Алымбек датка уулу – кыргыздын баргы уруусунан чыккан. Ал айтылуу алайлык Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын тун уулу. Курманжан датка Абдылдабектен башка төрт чүрпө төрөгөн. Кокон ханы тарабынан 1865-жылы Ош шаарына жана аймагына аким кызматына дайындалган. 1875-жылга чейин абдан көп жерди ээлеп турган. Оторчул Орусиянын баскынчыл саясатына жана ага багынып турган Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүшкө (1876-ж. январда) катышкан. Пулат ханды (Молдо Исак Асан уулун) колдоп чыккан. Кокон хандыгы биротоло каратылып, мамлекет катары жоюлуп, анын аймагы Орусиянын карамагына өткөндөн кийин генерал М.Д. Скобелев жетектеген падышалык аскерлердин баскынчыл жортуулдарына каршы күрөшкөн. Согушта жеңилип, кошууну менен Ооганстанга ооп кеткен. 1877-жылы чет жерде (Ооганстанда) каза болгон. Уламышка караганда, анын жүрөгү туулуп-өскөн аймагына алынып келип көмүлгөн.
Hide player controls
Hide resume playing