Myvideo

Guest

Login

Бгн адамзаттын космоско биринчи ирет учкан кн. Гагариндин видеосу

Uploaded By: Myvideo
80 views
0
0 votes
0

Мындан туптуура 63 жыл мурда дал ушул күнү космоско биринчи ирет адамзат учуп, ал эми Юрий Гагарин аттуу ысым тарыхта калды. Гагарин түшкөн СССРдин “Восток“ аба кемеси Жерди бир ирет айланып чыгып, космосто 108 мүнөт жүргөн. Дүйнө жүзүндөгүлөр тан берген бул адистер кантип даярдалганы да өзүнчө кеп. Космосту багындырам деген 3000 адамдын ичинен 20сын тандап алышкан. Алар космонавттарды даярдоо борборунда окутулуп, даярдыктан өткөн соң алты учкуч талапкер болгон. Жер планетасынын алкагынан чыгууга аз калганда Гагариндин талапкерлиги бекитилген. Аны космоско учурууну конструктор Сергей Королев жетектеген. Эмне бар, эмне жок, Гагаринге эки дублерду — Герман Титов менен Григорий Нелюбовду тандашкан. ...Ошентип көптөн күткөн убакыт келип, Гагарин “Восток“ космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп чыккан. Андан соң “Восток“ аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн Космонавтика күнү деп жарыяланат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later