Myvideo

Guest

Login

Референдум ткн аймактар тууралуу эмне билебиз

Uploaded By: Myvideo
138 views
0
0 votes
0

Донбасстын жана Херсон, Запорожье облустарынын тургундарынын басымдуу бөлүгү Россияга кошулууга добуш берип, референдум өттү. Sputnik жалпы элдик добуш берүү өткөн ири төрт аймактын потенциалы жана калкы, экономикасы туурасында видеоинфографиканы сунуштайт. ЛЭРдин аянты – 26 683 чарчы чакырым, ДЭРдики – 26 517, Херсон облусунуку – 28 461, ал эми Запорожье облусунуку – 27 183 чарчы чакырым. Калкы боюнча маалыматтар төмөндөгүдөй: ЛЭР – 2,1 млн. киши; ДЭР – 4,056 млн. киши; Херсон облусу – 1 млн. киши; Запорожье облусу – 1,636 млн. киши. Ачык маалымат булактарына таянсак, 2022-жылдын эсеби менен алганда Донбасста Европадагы эң ири таш көмүр кени жайгашкан. Херсон облусу ар кыл маалыматтарга караганда, жылына орто эсеп менен 2 миллион тоннадан кем эмес дан бере алат. Ал эми Запорожье облусу да айыл чарба продукцияларынын ири өндүрүүчүсү. Аймак Украинадагы электр кубатынын 25 пайызын берип турган. Баса, Запорожьеде Европадагы эң ири АЭС жайгашкан. Соңку маалыматтарга таянсак, аталган төрт аймактагы референдум максатына жетти.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later