Тажик тарап оор техникалардан сырткары залптык ракеталык система жана авиацияны колдонуп аткылап жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын бардык периметринде айыгышкан салгылашуу жүрүүдө. “Кыргыз тарап жерден жана абадан жасалган чабуулдун баарынын мизин кайтарууда. Кыргызстандын аймагын жана калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк берген жок“, — деп айтылат маалыматта. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык чараларды көрүп жатканы белгиленди.
Hide player controls
Hide resume playing