Myvideo

Guest

Login

Социалдык тармакты мукам н менен жарган Ырыскелди. Видеомаек

Uploaded By: Myvideo
168 views
0
0 votes
0

Ырыскелди Сатыбалдиевдин фонограммасыз аткарган ырлары социалдык тармакта желдей тарап, TikTok тармагында эң көп көрүүчү топтоду. Ырчынын күйөрмандары мурдагыдан да артты. Ырыскелди Сатыбалдиев учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда эмгектенет. Маектешип отуруп өзүнө талапты коё билерин байкадык. “Мен шаңдуу, жеңил-желпи чыгармаларды аткара албайм. Ырды тандоодо маанисине көңүл бурам. Азыр биз аткарып жүргөн, мурдагы ырлардын айрымдары кудум бүгүнкү күндү сүрөттөгөндөй сезилет“, — дейт Ырыскелди. Кайсы жерге барбасын Чубак Сатаевдин “Кең дүйнө“, “Ак бата“, Гүлжигит Сатыбековдун “Санат ыры“ аттуу ырын аткарып берүүсүн суранышат. Бул тапта анын чыгармаларын жаштардан тарта улуу муундарга чейин сүйүп угат. Ырыскелди учурда обончу Калмурат Рыскуловдун “Коштошуу“ аттуу ырын сахнага алып чыгууну ойлоп жатканын айтты.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later