Myvideo

Guest

Login

Мидеген элди жашыткан тумар мамалак

Uploaded By: Myvideo
147 views
0
0 votes
0

Мындан 43 жыл мурда, дал ушул күнү СССРде башталган Олимпиада оюндары салтанаттуу аяктап, кучак жеткис тумар мамалактын “көз жашы“ көптөрдү толкунданткан. Окурмандарга ал кездеги ирмемдерди тартуулоону эп көрдүк. 1980-жылы 3-августта Москвада жайкы Олимпиада аяктады Салтанат Ленин атындагы (азыркы Лужники) олимпиада стадионунда болгон. 80 өлкөнүн спортчулары талаага чыкканы да өзгөчө көрүнүш эле. Олимпиада оту өчүп, адамдардан куралган символ болгон мамалактын көзүнөн... “жаш чуурган“. Бул өзгөчө чеберчилик менен жасалганын видеодон көрүүгө болот. Андан кийин XXII Олимпиада оюндарынын символу стадионго чыгып, “До свиданья, Москва“ ырынын коштоосунда колун булгалап... асманды көздөй көтөрүлгөн. Мындай көрүнүш ошол жердегилерди жашыткан. Бул көптөрдү жашытып, стадиондо отургандардын ушул салтанатты өмүр бою эстеп калды. Айтмакчы, Олимпиаданын уюштурулушу жөнүндөгү бир катар маалыматтарда Олимпиаданын тумары болгон мамалактын асманга көтөрүлүшү ал кездеги КГБ үчүн да күтүүсүз окуя болгону, себеби бул нерсе сценарийде көрсөтүлбөгөнү жазылып жүрөт. СССР бул спорттук майрамды жогорку деңгээлде уюштурган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later