Myvideo

Guest

Login

Шкттлгн, жашыруун кабинеттер. Депутаттар эмнеге кчп жршт

Uploaded By: Myvideo
274 views
0
0 votes
0

Жогорку Кеңеште кабинет чуусу башталганына бир ай болуп калды. Депутат Өмүрбек Бакиров дагы деле кабинетине кире элек. Ал арада бир катар эл өкүлдөрү иш бөлмөлөрүн алмаштырганы белгилүү болду. “Элдик“ депутаттар тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев “Ата-Журт Кыргызстан“ менен “Мекенчил“ 7-кабаттагы кабинеттерди ээлеп алды деп нааразы болгон. Ошол эле учурда Бакиров канчадан бери кабинети жок отурганын айтып, төрагага кайрылган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Эламан Карымшаков аталган эки фракциянын депутаттары эмнеге бири-биринин кабинетине көчүп жатканын сурады. Парламентте жетекчилик кызматтагы эл өкүлдөрү 7-кабатта отурат деген эреже бар. Мындан улам Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан“ фракциясынын лидери болгондон кийин 7-кабаттагы Элмурза Сатыбалдиевдин иш бөлмөсүнө көтөрүлгөн. Ал эми Сатыбалдиев төрага Нурланбек Шакиев отурган жайга көчкөн. Ал эми Шакиев спикер үчүн атайын корголгон иш бөлмөгө барган. Сыдыковдун 3-кабаттагы кабинетине Шаирбек Ташиев көчүп келген. Аны атактуу иш бөлмө деп айтса да болот. Ал жайда мурда экс-президенттин иниси Асылбек Жээнбеков отуруп, эки бөлмөнү бириктирип ичин кеңейтип талкууга түшкөн. Андан соң Сыдыков өзгөчө жасалгалап бир таң калтырган. Ташиевдин 6-кабаттагы кабинетине Жеңишбек Токторбаев келип жайгашкан. Мунун себебин өзүнүн иш бөлмөсү тар болуп калганы менен түшүндүрдү. Бирок ал 9 ай мурда эле “мага чоң кабинеттин кереги жок“ деген болчу. Аягында мурдагы төрага Талант Мамытовго кандай кабинет берилди деген суроо жаралды. Бир жашыруун маалыматка ээ болдук. Көрсө, президенттин иш башкармалыгы Ак үйдүн 7-кабатынын бир бурчундагы чоң залды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ылайыктап жасаган экен. Муну кошумча иш бөлмө кылмак. Андыктан ичин абдан шөкөттөп жасашкан. Кызыгы, Мамытов спикер кезинде ал тууралуу билбей калганын айтты. Аягында бул кабинет Жапаровго эмес, Мамытовго буйруган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later